• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

JIA Бизнес Ассоциациясынын Lady Club Бизнесинин иш үстүндөгү тамактануусуна катышуу

10 август, 2023-жыл

8-августта JIA Бизнес Ассоциациясынын Lady Club Бизнесинин иш үстүндөгү тамактануусунда «Азия Банкы» ЖАК Башкармалыгынын Төрайымы Атакишиева З.А. JIA клубунун мүчөлөрүнө Азия Банкынын гендердик облигацияларынын долбоорун сунуштады. Презентациянын жүрүшүндө клубдун мүчөлөрү гендердик облигацияларга инвестициялоонун шарттары, ошондой эле ишкер аялдарды жеңилдетилген шарттарда каржылоо үчүн атайын иштелип чыккан Ишкер Айым продуктусу менен таанышты. Жолугушууга Сенти каржы компаниясынын брокерлери катышып, катышуучуларга облигацияларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеп-кеңештерин беришти жана катышуучулар жеринде облигацияларды сатып алуу боюнча келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.


Маалымат үчүн: “Азия Банкы” ЖАК апрель айында Ассоциациянын толук кандуу мүчөсү болуу менен JIA га мүчө болуу келишимине кол койгон. JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген демилгелүү ишкерлер тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ассоциация 1200дөн ашык ишкерлерди бириктирген Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун активдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн бардык шарттарды сунуштаган аянтча болуп саналат. JIA Эл аралык Иш берүүчүлөр уюмуна мүчө болгон Кыргызстандагы жалгыз ассоциация.JIA өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик институттар (КР ЖК, Экономика жана финансы министрлиги, Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш ж.б.), эл аралык өкүлчүлүктөр жана донордук уюмдар, элчиликтер (ЭЭУ, ЕККУ, ПРООН, JICA, Бизнес-омбудсмен институту ж.б.у.с.) жана жарандык коом менен ийгиликтүү өз ара аракеттенет.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию