• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Байлык финанс гендердик облигациялардын ээси

11 август, 2023-жыл

«Байлык Финанс» ЖЧК компаниясы «Азия банкы» ЖАК гендердик облигацияларынын ээси болду.

 

Өткөн күндөрдө «Азия банкы» ЖАКтын Башкармалыгынын төрагасы менен Байлык Финанс компаниясынын башкы директору Молдожанова Чынара Даркенбаеванын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда уюмдар ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы аялдар ишкердигин колдоо боюнча программасы талкууланды.

 

«Байлык Финанс» компаниясы 12 жылдан бери микрокредиттик секторундагы динамикалык өсүп жаткан компаниялардын лидерлерлеринин бири болуп саналат. Компания ESG принциптерин киргизген жана жашыл жана социалдык продукттарды берген уюмдардын бири болуп саналат. Төмөнкүдөй долбоорлорду колдоп келет: «Азия банкы» ЖАК биринчи социалдык гендердик облигацияларды чыгаруу долбоору, компания Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын жана аялдарды колдоого багытталган ESG долбоорлорун жана программаларын колдоого даярдыгын көрсөттү.

 

«Азия банкы» ЖАК «Байлык Финанс» компаниясын куттуктайт жана аялдар облигациясындагы жооптуу инвестор болуудагы көрсөткөн демилгеси үчүн ыраазычылык билдирет.

Маалымдама: Бүгүнкү күндө чыгарылган көлөмдүн 32%ы ишке ашырылды. Эң ири инвесторлордун бири болуп Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду болду, анын ичинде дагы башка инвесторлор – Кыргызстан Мамлекеттик эмес ПФ, бир катар камсыздандыруу компаниялары, Кыргыз фонд биржасы, физикалык жана юридикалык жактар бар. Облигациялардын бардык ээлери 50нү түзөт, алардын ичинде юридикалык да, физикалык да жактар бар. 

«Азия банкы» ЖАК бул долбоордун алкагында кардарларды каржылоону баштады, учурда 23 млн сом насыя берилди. Каржылоонун эсебинен жакшыртылган эмгек шарттары бар 100дөн ашуун жумуш орундары түзүлдү. Бардык убакыттын ичинде кардарлардын Банк тарабынан бөлүнгөн каражаттарды колдонуулары социалдык натыйжага жетүүнүн негизги көрсөткүчү, анын ичинде түзүлгөн жумуш орундары, түзүлгөн эмгек шарттары ж.б. боюнча жыйынтыктары белгиленип турат. Жылдын жыйынтыгы боюнча Банк Капитал рыногунун эл аралык ассоциациясынын стандарттарына ылайык таасири тууралуу отчет берүүнү пландаштырууда, анда коомго жана айлана-чөйрөгө Банктын социалдык облигацияларын чыгаруунун эсебинен каржыланган долбоорлордун болжолдуу жана/же иш жүзүндөгү таасири баяндалат. Бул отчет көз карандысыз атайын уюм тарабынан верификацияланат жана коом алдында ачыкталат.

«Азия банкы» ЖАК жайгаштыруу жөнүндө расмий жарыялоого чейин жана кийин гендердик облигацияларды сатып алуу жолу менен инвестициялоого даяр кызыкдар жактарды аныктоо боюнча ишти улантат. Буга байланыштуу долбоордун маанилүүлүгүн жана жалпысынан Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүктүрүү максатынын куралдарын ишке ашыруудагы репутациялык курамын эске алуу менен, биз «Азия банкы» ЖАКтын гендердик облигацияларын сатып алуу аркылуу социалдык долбоорду колдоого чакырабыз.

 

Гендердик облигацияларды чыгаруунун негизги шарттары.

1. Жалпы маалымат

  • Ачык сунуштоого берилген баалуу кагаздардын саны 82 000 (сексен эки миң) нуска;
  • Баалуу кагаздын номиналдуу наркы: 1 000 (бир миң сом) сом;
  • Эмиссиянын көлөмү: 82 000 000 сом (сексен эки миллион);
  • Баалуу кагазды жүгүртүү мөөнөтү: 36 (отуз алты) ай;
  • Кагаздардын кирешелүүлүгү: 12 % жылдык.

Андеррайтер - Сенти финансы компаниясы.

«СЕНТИ» финансы компаниясы. Юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр. 219, 9-кабат. Тел.: +996 (312) 61-46-21, 61-46-47, whats app +996 (559) 61-00-25. Факс: +996 (312) 61-00-25, e-mail: [email protected], сайт: www.senti.kg

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию