Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Элдин башын бириктирген, элдин күчүн, эркиндиктин баалуулугун эске салган, жакшылыкка ишеним, үмүт берген майрам!
Ар бир үй-бүлөгө, ар бириңиздерге тынчтык, ынтымак, бакубаттуулук, молчулук, токчулук, мамлекетибизге жаркын жана өркүндөгөн келечек каалайбыз. Асманыбыз ар дайым ачык болсун, элибиз ынтымакта болсун. Күн сайын биздин кооз, өнүккөн өлкөбүз менен сыймыктанууга себептер көп боло берсин. Мамлекетибиз жылдан жылга чыңдалып, өркүндөп-өсүп, прогрессивдүү жана бай өлкөлөрдөн боло берсин.
Майрамыңыздар менен!