• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Жардам берүү оңой" бренддик кайрымдуулук карты

26 сентябрь, 2017-жыл

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр, 

"Азия Банкы" ЖАК менен кайрымдуулук фондунун «Жардам берүү оңой»  биргелешкен долбоору өздөштүрүлө баштады. Долбоор Элкарттын «Жардам берүү оңой» бренддик картын чыгарууга багытталган, мында ар бир чыгарылган карттан 50 сом  жана комиссиялык төлөмдөрдө түшкөн кирешенин 30% онкология илдетине чалдыккан балдарды дарылоого багытталат. Башкача айтканда, ар бир сатып алуудан жана транзакциядан белгилүү бир суммадагы акча каражаты фонддун муктаждыгына чегерилет.

Демилгени колдоону өтүнөбүз.  «Жардам берүү оңой» картын  "Азия Банкы" ЖАКтын бардык бөлүмдөрүнөн тариздетип алууга болот.

«Жардам берүү оңой» - бул, онкология илдетинен жабыр тарткан балдарды дарылоого жана алардын ата-энелерине дары-даремек сатып алуусуна жардам берүү максатында түзүлгөн кайрымдуулук фонду. Фонд балдарды дарылоо үчүн кымбат дары-дармектерди алуу үчүн  каражат топтоого да жардам берип, балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүп келет.

Ар бир чыгарылган карт – бул,   баласын сактап калуу үчүн күрөшүп жаткандарга жардам. Фонд, бардык чегерилген каражаттар сөзсүз өз дарегине жетээрин жана дарылоого гана сарптала тургандыгына кепилдейт  (банкка так отчет берилет).

Бул боюнча толук маалыматтарды ушул жерден  алууга болот

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию