• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия банкы" ЖАК "Ишкер аялдар академиясы" программасын колдойт

19 сентябрь, 2023-жыл

Бүгүн “Азия банкы” ЖАКтын дубалдарында Бишкектен, Оштон жана Жалал-Абаддан 20 аял келип катышкан «Ишкер аялдар академиясынын» насаатчылык программасы болуп өттү.

“Азия банкы” ЖАК аялдардын потенциалын жогорулатууга, өз бизнестерин ачуу көндүмдөрүн үйрөнүүгө жана кеңейтүүгө көмөк көрсөткөн билимди алууга жардам берүү максатында ишкер аялдарга аянт куруп берди.

Иш-чара топтун максатын, көңүл буруусун жана башка пайдалуу баалуулуктарын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген геймификациядан башталды.

“Азия банкы” ЖАКтын Төрагасынын Биринчи орун басары Эдиль Исмаилов саламдашуу сөзүн сүйлөдү, ал экономика жаатындагы аялдардын ролун өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бардык насыялардын 60%ы ишкер аялдарга туура келүүдө. Ар кайсы тармактарда иштеген аялдар бизнести жүргүзүүнүн туруктуу ыкмаларына жетишүү үчүн кошумча күч жумшоого даяр экендигин далилдешти.

Андан кийин Насыя башкармалыгынын начальниги Нурлан Шарапов бизнестеги насыялоонун негизги аспекттери жөнүндө кененирээк айтып берди. Бизнес боюнча финансылык эсепти жана талдоону жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектигине басым жасады. Себеби, анын айтымында, бул ыкмалар финансылык үзгүлтүктөрдүн мындан аркы тобокелдигин азайтат жана компаниянын кызматкерлеринин арасындагы уурулуктун болушун төмөндөтөт.

Туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоордун менеджери Айжан Мамбеталиева Гендердик облигациялар боюнча теманын корутунду сөзүн сүйлөдү. Мисал катары баалуу кагаздын бул түрүн депозит менен салыштырды. Гендердик облигацияларды мөөнөтүнөн мурда жабуунун артыкчылыгында пайыздар берүү учурунда чегерилерин жана төлөнөрүн, ал эми депозит боюнча пайыздын бир бөлүгү күйүп кетерин, себеби бардык салымдарда мөөнөтүнөн мурда жабууга карата белгилүү талаптар болорун белгиледи.

“Ишкер аялдар академиясы”(AWE)  программасы Кыргыз Республикасында КР Америка соода палатасы менен биргеликте АКШнын Элчилиги тарабынан түзүлгөн — бул алты айлык гибриддик демилге, мунун жүрүшүндө кичи бизнестин ээлери аял киши болсо же Бишкек шаарынын жаңы конуштарынан, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан бизнести баштоо жөнүндө идеялары бар 20 аял тандап алынат. Ийгиликтүү талапкерлер АКШнын жана КРнын тернерлери тарабынан өткөрүлгөн мастер-класстарга жана сессияларга катышат. 


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию