• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын миссиясы жана баалуулуктар боюнча тимбилдинг өткөрүлдү

02 октябрь, 2017-жыл

"Калайык-калктын ишенимине ээ болгон туруктуу финансылык институт катары иш алып баруу" -   "Азия Банкы" ЖАКтын миссиясы.

Банк бийик туткан негизги баалуулуктар  - бул:

-  бардык муктаждыктары канааттандырылган кардар,

- бирдиктүү команда,

- ишенимдүүлүк

-  жигердүү өнүгүү.

Бул жыл – банк үчүн көп нерсе- иш стратегиясы, позициясы жана бүтүндөй өнүгүү багыты өзгөргөн маанилүү мезгил.  

27-сентябрда  "Фламинго" сейил багынын аймагында "Азия Банкы" ЖАКтын кызматкерлери миссия жана баалуулуктар боюнча ачык сессияга катышты. Жаңы баалуулуктар менен миссиялар эмне үчүн иштелип чыккандыгын жана жайылтылып жактандыгын, ошондой эле алар банк үчүн кандай мааниге ээ экендигин жана алар кардар менен иш алып барууда же банк кызматкерлеринин жашоосуна кандай таасирин тийгизе тургандыгын түшүндүрүп чечмелеп берүү - анын негизги милдетинен болгон.

 Чакан сессиянын жүрүшүндө ар бир катышуучу балуулуктарга көңүл буруп, алар боюнча ой жүгүртүп, аны банктын баалуулуктарына салыштыра алат. Андан соң катышуучулар эки чакан топко бөлүнүп, тандап алган баалуулуктарды сүрөттөр аркылуу чагылдырышат. Кызматкерлердин бул процесске кызыгуусу артып, берилген ар бир тапшырманы ийгиликтүү аткарууга жетишип жатышты. 

Чакан сессия аяктагандан кийин банк жетекчилиги жарым жылдык жыйынтыгын чыгарып, банктын  стратегиялык маанилүү долбоорлору боюнча келечек пландар менен бөлүшүп,  Персонал менен иш алып баруу бөлүмү өз кезегинде, иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып, даамдуу тамак-ашты тартуулап, тимбилдингдер жана иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турарын билдирди. 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию