Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин карылар күнү менен куттуктайбыз!
"Азия Банкы" ЖАК өз камкордугуна алган ардагерлерди 1-октябрь –Карылар күнү менен куттуктап, чейрек сайын берилип турган финансылык жардамын тапшырып, алардын көңүлүн көтөрүп, жаркын маанай тартуулады.
Жамгырдын жаап жактандыыгна карабастан, ардагерлер банк кызматкерлерин жылуу маанайда, кубануу менен тосуп алышып, дастаркон үстүндө фронттогу жана тылдагы оор күндөрдү эскеришип, оң бөлүштү. Улуу Ата Мекендик жана Афган согушу канчалаган тарыхый эскерүүлөрдү камтыса, кандуу согуш отун кечип келген ардагерлердин жүрөгүндө сакталган эскерүүлөр алардын айкын тастыктамасынан...
Согуш ардагерлери банк кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, улуу майрамда аларды унутта калтыбастан, эрдиктерин эскеришип таазим эткендигине терең алкышын айтышты.