Финкөзөмөл Азия Банкынын гендердик облигацияларын чыгарууну бекитти
Энчилүү пайыздык облигацияларыбыздын биринчи эмиссиясынын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө маалымдайбыз. Бул эмиссиянын жыйынтыгы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында расмий катталды.
Азыркы учурда Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 29 272 облигация ар бирине 1000 сом номинал менен катталып турат жана жалпы наркы 29 272 000 сом. .Ошондой эле 2023-жылдын 9-ноябрында KG 0201105119 мамлекеттик каттоо номери ыйгарылды.