• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

1-январдан баштап системанын жаңыланышы менен сиздин эсептердин номерлери да өзгөрөт

15 декабрь, 2023-жыл

Урматтуу кардарлар,

2024-жылдын 1-январынан баштап Азия банкы жаңы банктык платформага өтөт, бул кардардын эсеп номеринин өзгөрүшүнө алып келет.

Үзгүлтүксүз өтүп кетүү үчүн сизге жакын банктын кеңсесине келиңиз, ал жерден адистер зарыл болгон бардык маалыматты берет. Эгер кошумча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефондор аркылуу тейлөө кызматына кайрылыңыз:

 +996 (559) 96-77-07;

+996 (312) 91-07-07;

+996 (777) 96-77-07;    

+996 (706) 96-77-07;

же [email protected]. дагерине жазыңыз. Биздин адистер сиздин бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Мындан тышкары жаңы жылдан баштап, интернет жана мобилдик банкингди колдонгон бардык колдонуучулардын купуя белгиси өчүрүлөт, купуя белгини алуу үчүн 0999 911 040 телефонуна же өзүңүздүн менеджерге кайрылыңыз.

Эсептин жаңы номерлери жаңы жылдын биринчи иш күнүнөн баштап жеткиликтүү болот. Буга байланыштуу сиз Банк менен кошумча келишим түзүшүңүз керек.

Туура кабыл алгандыгыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз жана жаңы технологияларды киргизүү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү дагы көбүрөөк ыңгайлуу кылат деп ишенебиз. Биздин команда бир калыпта өтүү процессин камсыз кылуу үчүн күжүрмөн эмгектенет.

Азия банкы ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээли менен сиздин финансылык каражаттардын, активдердин жана аманаттардын сакталышына кепилдик берет.

Жаңы системаны ишке киргизүү менен бирге, биз сизге "Asia online" мобилдик банкингинин жаңы версиясын жана жаңы интернет-банкты берүүгө кубанычтабыз. Жаңы жылдан баштап биздин жаңы www.asiaonline.kg. санарип сайтыбыз иштеп баштайт.

Жаңы жыл – жаңы башталыштардын жана жетишкендиктердин мезгили. Биз жетишкендиктери жана ийгиликтери менен бөлүшүүгө даяр жаңы жана эски кардарларыбыз менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию