• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Төлөмдөрдү убактылуу онлайн токтото туруу

25 декабрь, 2023-жыл

Урматтуу кардарлар,

Биздин кызматтарды көрсөтүүдө убактылуу өзгөрүүлөр жөнүндө сизге билдирип кетмекчибиз. 2023-жылдын 27-декабрынан тартып 2024-жылдын 4-январына чейин кошо алганда, биз Элкарт Мобайл, MegaPay тиркемелеринде, ошондой эле өнөктөш төлөм терминалдарында картаны толтуруу, эсепти толтуруу жана насыяны төлөө сыяктуу Банк кызматтары үчүн төлөмдөрдү кабыл алууну токтотобуз.

Бул жаңы Автоматташтырылган Банктык системага (АБС) өтүүгө байланыштуу  болууда.

Мындан тышкары, банкоматтар, анын ичинде банктын бөлүмдөрүндө орнотулган накталай берүү пункттары (НБП) 2023-жылдын 26-декабрынан 2024-жылдын 7-январына чейин кошо алганда, убактылуу өчүрүлөт.

Көрсөтүлгөн убакыт ичинде сиз Азия банкынын тарифтерине ылайык Достук тармагынын түзүлмөлөрүнөн акча каражаттарын накталай чыгара аласыз.

  • Элкарт төлөм картасы боюнча: KICB Банк, Дос-Кредо Банк, Бакай Банк, Капитал Банк, ФинансКредит Банк.
  • VISA төлөм карталары боюнча: KICB Банк, Бакай Банк.

Үчүнчү тараптын банктарынын түзүлмөлөрүндөгү накталай акча үчүн комиссия Элкарт төлөм карталары үчүн 0,6% жана VISA төлөм карталары үчүн 1%ды түзөт.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана туура түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сураныч, актуалдуу маалыматты алуу үчүн биздин расмий каналдарыбызга көз салып туруңуз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию