• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Өз акчаңызды кантип сактап, көбөйтсөңүз болот?

10 январь, 2024-жыл

Өлкөдөгү экономикалык кырдаал жетишээрлик туруктуу деп божомолдонотжана көптөгөн адамдар дүйнөдө белгилүү болгон финансылык куралдардын эсебинен өздөрүнүн аманаттарын көбөйтүүгө көнүп калышты. Кыргызстандыктар акыркы учурларда банктарга аманаттарын сактап жана өздөрүнүн пассивдүү кирешелерин алып калышты. Бул кепилденген кирешелүүлүктү алып келген жөнөкөй жана түшүнүктүү жол.

Акча кирешени туура жана натыйжалуу алып келиши үчүн эмне кылуу керек? Бул тууралуу “Азия банкынын” Башкармалыгынын төрайымы Земфира Атакишиева айтып берди.

- Адамдар жаздыгынын алдына акча катуу пайда алып келбегендиги жана акчанын иштетүү керектиги тууралуу түшүнүп калышты. Бул үчүн банк кандай куралдарды сунуштайт?

- Топтоо процесси ийгиликтин негизги критерийлеринин бири болуп саналат. Акча топтоо керек жана муну ар кандай жол менен топтоого болот. Канчалык көп акча иштеп тапса да, ар бир адамдын керектөөлөрү, чыгашалары, каалоолору болот. Кээ бирлери өзүнүн каражатын билим алууга жана саякаттоого жумшайт. Бирок бүгүн азыраак белгилүү жана көбүрөөк өзгөрүлмөлүүлүккө ээ болгон жаңы финансылык продукттар пайда болууда, мисалы криптовалюталар.

Сизге канчалык оор келбесин, бир аздан болсо да акча бөлүп сактап жанасалымдар же депозиттер сыяктуу түшүнүктүү банктык куралдардыпайдалануу керек.

 -Депозит менен салымдын ортосунда айырмачылык барбы?

 - Салым түшүнүгү совет мезгилинен келип чыккан, бирок бүгүн мунун баары депозит деп аталат. Алар эки негизги түрдө болот – талап кылганга чейин жана шашылыш.Азыр банктар жылдык 15-17% коюм менен депозиттерди сунуштоодо. Жогорку пайыз менен берилген салымдын негизги бир кемчилиги кайсы бирмезгилге чейин акча каражаттарын колдоно албастыгында. Бирок депозиттердин башка да түрлөрү бар, эсеп боюнча калдыгына пайыздар кошула берет. Албетте, ал жерде сунушталган коюмдар төмөнүрөөк. Бирок топтомду каалаган убакта кемитпестен алууга болот. Муну менен бирге калдыкка карата чегерүү ар ай сайын жүргүзүлөт. Капиталдаштыруу эффекти жүрөт – пайыздар негизги суммага кошулат. Бул аз көрүнүшү мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү убакта акыркы жыйынтыгында суммасы бир кыйла көбөйүп калат, анткени киреше туруктуулук менен өсө берет. Капитализация – узак мөөнөттүү салымдар үчүн жакшы курал.
Көпчүлүк учурда аманаттар чет өлкөлүк эмес улуттук валютада сакталган фактыларга сындар көп айтылат, анткени чел өлкөлүк валютага ишеним көбүрөөк делет. Бирок сом менен депозиттерге коюм бир топ жогору болоруна көңүл буруу керек.
Биз сом менен болгон топтомдордун өсүү тенденциясын көрүүдөбүз, себеби акыркы убактарда биздин валюта постсоветтик мейкиндиктеги башка валюталарга салыштырмалуу бардыгынан азыраак девальвация болду. Мындан тышкары 1 млн сомго чейин депозитти кайра кайтарууга Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги аркылуу мамлекет тарабынан кепилдик берилет.

- Финансылык билими жок адам депозиттин оптималдуу вариантын кантип тандоого болот? Себеби калктын ар кандай катмарынын кирешесинин, анынагымынын деңгээли ар кандай да?

- Рынокто коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын, Кыргызфонд биржасынын сунушталган кандай куралдары бар экендигин изилдепбилүү керек. Салымдардын кандай түрлөрү, облигациялар, алардын мөөнөттөрү, коюмдары жана шарттары бар? Салыштырма талдоо жүргүзүүкерек. Бардык каражатты бир продуктуга же бир банкка салып салбоо керек. “Жумурткаларды ар башка себетте сактоо керек” деген сөз бар го. Бирок, баарынан мурда максатты аныктап алуу керек  бир нерсе сатып алуугабы же ипотеканын баштапкы төгүмүнөбү, балдардын билимине же саякаттоогобу? Максатты аныктап алып, чечим кабыл алуу бир топ оңой, анткени сизгезарыл болгон сумманы кандай шарттарда топтоону түшүнөсүз.

«Өзүбүз топтоо маданиятын өстүрүшүбүз керек. Топтоо – бул адамдын өзүнүн каалоолорун ооздуктоо жөндөмү болуп саналат. Чогултуунуүйрөнүү – бул жеңиш. Белгилүү бир максатың болгондо акча топтоо даоңой болот жана ал максатыңыз үчүн акырындап акча бөлүп баштайсыз».

- Натыйжалуу пайда көрүү үчүн ири суммадан – 10-13 миң сом же жада калса доллардан баштоо керек деп ойлошот. Бирок минималдуу сумма 500 сомдон башталган депозиттер бар. Муну кандайча түшүнүүгө болот?

- Миллионерлердин айтканы боюнча эң кыйыны – бул алгачкы акчаңды таап,өзүңдү өзүң тарбиялоону үйрөнүү. Бардык нерсе биринчи кадамданбашталат жана депозиттер мындай мүмкүнчүлүктү берет.

- Депозиттер башка финансылык куралдар аркылуу байлыгыңды андан арыкөбөйтүүгө жардам береби? Мисалы, баалуу кагаздарды сатып алууаркылуу?

- Финансылык чөйрө топтоонун ар кандай түрлөрүн сунуштайт. Бизде Кыргызфонддук биржа жана банктар сунуштаган ушундай куралдар бар. Бүгүнкү күндө биржа жергиликтүү компаниялардын облигацияларын сунуштайт, анын ичинде микрокредиттик уюмдар жана банктар кирет.
Ар дайым өзүң үчүн ыңгайлуу вариантын тандап алууга жана каражаттарыңды үнөмдөөнү жана көбөйтүүнү үйрөнүүгө болот.

- Ар бир белгилүү учурларда натыйжалуу пайыздык коюмдун артыкчылыгын эсептөөнү жана түшүнүүнү билүү керек. Акчанын наркы бүгүн башка, эртең башка болушу мүмкүн. Өзүң үчүн негизги суроого жооп берүүң керек: өзүмүчүн бүгүн эмне артыкчылыктуу?

Суроого жооп берүү үчүн бардык өзгөрүүлөрдү эске алуу керек, ал эми чындык ортодо болот. Банкирлер эсептеп жана оптималдуу тандоого жардам берет. Бирок сиз аз болсо да финансылык билимге ээ болушуңуз керек. Акыркы жыйынтыгынын кандай болушун каалайсыз? Пайыздарды төлөөгө даярсызбы же тескерисинче топтогонуңуз туурабы? Кайрадан максатты аныктоого кайрылсак: эмне үчүн жана качан? Тез арада жана азырболсо, анда насыя алганыңыз туура. Андай эмес болсо, каражатты үнөмдөөгө өтүңүз.

 Бүгүнкү күндө насыя алуу жеткиликтүү. Адамдарга бул финансылык куралды кантип сабаттуу пайдаланууну үйрөтүү керек?

- Бир нече жыл мурун натыйжалуулугу 28-32% болгон ошол мезгилге төмөндеп саналган 15-17% пайыздык коюмдагы насыялар белгилүү болгон. Алжерден баштапкы негизги карыздын пайыздары боюнча төлөмдөр стандарттуу эмес эсептелген. Менеджерлерден насыянын шарттары, мөөнөттөрү жана башка маанилүү шарттары жөнүндө сурап тактаңыз. Документтерге кол коёрдон мурда шарттары менен жакшылап таанышыпчыгыңыз. Банктар натыйжалуу пайыздык коюмду милдеттүү көрсөтүүсүкерек - ал пайыздарды гана эсепке алуу менен эсептелбестен, ошондой эленасыя алуу үчүн башка чыгымдарыңызды да эсепке алуу менен эсептелет.

 “Азия банкы” ЖАКтын насыялык продуктуларынын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Биздин артыкчылык – сервистик тейлөөдө, биз бюрократияны азайтуу менен насыяны тез арада бергенге аракет кылабыз. Биз жаңы “Бөлүп төлөөменен товарлар” онлайн-продуктусун ишке киргиздик жана өнөктөшдүкөндөр аркылуу 300 млн сомго 10 миңден ашуун насыя бердик. Бул продуктту биз ийгиликтүү деп атадык. Бул Бишкек шаарында жана региондордо колдонулат.

- Санариптешүү биздин жашоого туруктуу кирип келүүдө. Банк анын аркасынан жетишип жатабы?

- Биз азыр санариптешүүнүн жаңы деңгээлине өтүп жатабыз. Биздин АБС толугу менен алмашууда, жаңы мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг ишке кирди. Биз буларды жаңы чакырыктарга даяр болуу үчүн жасапжатабыз.

Ошондой эле жаңы санарип продукттар иштелип чыгууда, жакында алар ишке кирет. Онлайн-насыялар жана депозиттер болот. Бирок салттуу кызмат көрсөтүүлөр кала берет. Депозитти баштапкы тариздөөдө банктын кеңсесине келүүңүз сунушталат, бул сизди кызыктырган бардык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча тиешелүү кеңеш алууга көмөк бермекчи. Ошондой эле сизди онлайн-тиркеме аркылуу иштегенди үйрөтүшөт. Андан ары санариптештирүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана аласыз –онлайн түрдө акчаңызды башкарасыз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию