Өзгөчө сыймык: VISA сыйлыгы
VISA эл аралык төлөм системасы «Азия Банкына» ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтүү кызматташкандыгы үчүн «Strategic Synergy for a Promising Year Ahead" сыйлыгын берди. Биздин банк 2014-жылдан бери VISA төлөм карттарын чыгарууда.
Быйыл каржылык кыялдарыңызды реалдуулукка ашырган Visa Infinite жана жаңыланган Visa Gold карталарын чыгарганыбызды сыймыктануу менен жарыялайбыз.
2023-жыл жагымдуу окуяларга бай, сыйлыктар менен сыйакылар коштолгон жыл болду.
Ошентсе да биздин эң баалуу сыйлыгыбыз — бул сиз, урматтуу кардар! Бизге ишеним артканыңыздар жана туруктуулугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңүздар менен биз жаңы бийиктиктерди багынтабыз.