Улуттук банктан ыраазычылык кат
29-сентябрда өлкөдө банк секторунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн "Азия Банкы» ЖАКтын түштүк филиалдарынын аймактык директору Нуркулов Данияр Жороевичке Улуттук банктын ыраазычылык каты ыйгарылган.
Буга чейин Данияр Жороевич Жалал-Абад филиалынын директорунун кызмат ордун ээлеп келгенген. Орун алган маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чече билүү жөндөмдүүлүгү үчүн ага Ош жана Жалал-Абад түштүк филиалдарын бирдей жетектөө ишеними көрсөтүлгөн. Ыйгарылган сыйлык Данияр Жороевичтин өз ишинин мыкты адиси экендигин тастыктап, анын тажрыбасы жана кесипкөйлүгү банктан тышкары да баалана тургандыгынын айкын далилинен болуп калды.