«Азия Банкы» ЖАКтын балдардын сүрөт тартуу конкурсуна катышыңыздар!
Азия Банкы Бүткүл дүйнөлүк Акча күнүнө карата балдардын сүрөт тартуусуна конкурс жарыялайт.
Сүрөттөрдун темасы: «Менин аманаттарым жана кыялдарым», “Менин аманаттарым ишенимдүү корголот»
Конкурска ким катышат?
Кыргыз Республикасынын жараны болгон 7-16 жаш курактагы балдар.
Конкурстун шарттары:
1. A4/A3 форматындагы кагазга сүрөт тартып, электрондук түрдө (сүрөткө тартып, сканерлеп) жана [email protected] почтасына баланын аты-жөнүн, анын курагын, жашаган шаарын, мектеп номерин, ошондой эле катышуучунун жана ата-энесинин байланыш маалыматтарын жөнөтүү.
2. Катышуучу өз сүрөтүн колуна алып, маанисин айтып жатканын видеого тартуу.
3. Видеону Instagramга #gmwkyrgyzstan2024 жана #bankasiakyrgyzstan хештеги менен катышуучунун аты-жөнүн, курагын, шаарын, мектебин көрсөтүу менен жайгаштыруу керек.
4. Иш төмөнкү критерийлер менен бааланат: креативдүүлүк, темага шайкеш келүү, видеоролик менен сүрөтун айтып берүү.
Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 6-мартынан 18-мартын кошо алганда.
Сүрөттөрдүн конкурсунда катышуучулардын конкурстун шарттарына туура келген сүрөттөрү каралат.
Жеңүүчүлөр 2024-жылдын 25-мартына чейин Азия Банктын сайтына жана социалдык тармактарда жарыяланат.
Конкурс 7-9 жаш жана 10-16 жаш курактык категориялар менен өткөрүлөт.
Конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн байгелер:
1-орун: Шоппер, саат, скетчбук, калемсаптар, календарь
2-орун: Стол үстүнө коюучу сааттар, календарь, тыйын салгыч, чарчы кагаздар.
3-орун: Альбом, калем саптар топтому, календарь, тыйын салгыч.
Катышкыла, жеңгиле жана байге алгыла!