Аялдардын ишкердигин колдоо
Азия банкы “Ишкер аялдар академиясынын” (AWE) программасынын жыйынтыктоочу салтанатына активдүү катышты, мында биздин өкүлдөр: «Азия банкы» Директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева, Маркетинг бөлүмүнүн начальниги Айнура Джунушалиева жана кызматкерлерди башкаруу бөлүмүнүн начальниги Таалай Сыдыкова жаш ишкерлер үчүн насаатчы катары иш алып барды.
Долбоор жарым жылдай улантылды, анын жүрүшүндө катышуучулар көндүмдөрүн жана билимдерин кеңейтүүгө багытталган окуулардан, тренингдерден жана башка ишчаралардан өтүштү.
Жыйынтыктоочу иш-чарада элчинин орун басары Лиз Зентоз жана AmCham Директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева катышуучуларга программаны ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды тапшырышты жана көптөгөн ишкер аялдар менторлук программасын өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн долбоорду кеңейтүүгө ишеним билдиришти.
Бул демилге Америка соода палатасынын жана Кыргызстандагы АКШ элчилигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылды. Программанын негизги максаты ишкер аялдарды өздөрүнүн бизнестерин ийгиликтүү өнүктүрүүдө керектүү куралдар менен камсыз кылуу болуп саналат.