• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Пос-терминалдарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендерге катышууга чакырабыз

09 октябрь, 2017-жыл

«Азия Банкы» ЖАК компанияларды терминалдык жабдууларды сатып алуу үчүн өткөрүлүүчү тендерге катышууга чакырат. Тендер боюнча сунуштар төмөнкү таблицада келтирилген квалификациялык, техникалык жана финансылык талаптарга ылайык кароого алынат. Талап кылынган маалыматтар так жана толук болууга тийиши, ошондой эле аларда жабдууларды сунуштоо мөөнөттөрү көрсөтүлүшү  зарыл.

Аталышы:

Талаптар

1

Сунуштоо шарттары

DDP/CIP

2

Азыктандыруу түрү

Чуулгасыз

3

Аккумулятор кубаттуулугу

Кеминде 2000 mA

4

Байланыштын түрү

GSM/GPRS

5

Процессингге интеграциялануу

 «БПБ» ЖАК

6

 «МПЦ» ЖАКта ADVT  тесттен өткөрүлгөн

VISA, Элкарт

7

Картты чечмелөөчү

Чиптүү, магниттик жана контактсыз (CTLS)

8

Сунуштоо мөөнөтү

45 күндөн кашпаган мөөнөткө

(келишимге кол коюлгандан кийин)

9

Өлчөмдөрү

Топтом менен

10

Гарантия мөөнөтү

  • 1 жылга толук гарантия
  • 2 жыл тейлөө

11

Саны

50 даана

 

Талап кылынган документтер тизмеси:

  • Компаниянын уставы
  • Акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттордун көчүрмөсү
  • Салыктар, Социалдык фондго төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын жоктугун тастыктаган документтер (жооп берип, тастыктоочу документтерди кошо тиркөө зарыл).

Мындан тышкары, Кыргызстандын рыногунда тиешелүү тажрыйбага ээ экендигин көрсөтүү менен кыскача резюмени жөнөтүү да талап кылынат. 

Сунуштар кагазда ырааттуу чагылдырылып (орус тилинде), Кыргыз Республикасы,Ч. Айтматов атындагы көчө, 303 дареги боюнча жөнөтүлүүгө тийиш. Бардык сунуштар жана тиешелүү маалыматтар конвертке салынып, бетине катышуучу компаниянын аталышы жана «Тендердик документтер» деп көрсөтүлүшү зарыл.

Тендердик сунуштар 2017-жылдын 19-октябрында саат 16:00гө чейин кабыл алынат.

Тендердик документтер салынган конверттер 2017-жылдын 20-октябрында саат 8:30да «Азия Банкы» ЖАКтын Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Ч. Айтматов атындагы көчө, 303 дареги боюнча жайгашкан Башкы офисте ачылат.

Кызыктырылган сунуштар боюнча тактап билүү үчүн төмөнкүлөргө кайрылууга болот:

  • «Азия Банкы» ЖАК Башкармасынын төрагасынын кеңешчиси М.К. Тансходжаевага,тел. (312) 31-00-21.
  • Тыналиев Р. Ж., «Азия Банкы» ЖАКтын Эквайринг бөлүмүнүн начальнигине, 
  • тел. (312) 31-00-21, (556) 58-78-78.

Туура эмес толтурулган же белгиленген мөөнөттөн кечиктирилип берилген сунуштар кароого алынбайт.

* Компаниянын атынан келишим түзүү боюнча сүйлөшүүгө катышкан өкүлдөрдүн колунда келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ага кол коюуга укук чегерген кат жүзүндөгү ишеним кат болууга тийиш. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келишимге кол коюуга жетишилбесе, анда экинчи орунду ээлеген талапкердин өкүлү сүйлөшүүгө чакырылат.


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию