• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» депозиттер топтомун жаңыртты

16 октябрь, 2017-жыл

Топтогон акчасын көбөйтүүгө ниеттенгендер үчүн.

Олуттуу өзгөрүүгө өбөлгө түзгөн депозиттер жардамга келет!

Урматтуу кардарлар,

депозиттердин жаңыртылган топтомун сиздердин карооңуздарга сунуштайбыз.

Учурда, жогорку пайыздык кирешеге ээ болууга өбөлгө түзгөн 8 жаңы депозит иштелип чыгып, анда аманаттарды ыңгайлуу мөөнөттөргө жайгаштыруу шарты да эске алынган.

▪ Салынган каражаттан көбүрөөк киреше алууга ниеттенгендер үчүн –  «Жогорулатылган пайыз» аманаты сунушталат.

▪ Ал эми олуттуу буюм сатып алууга акча топтогондор үчүн «Өсүшкө ээ болгон киреше» аманаты ыңгайлуу.

▪ Каражат салып, пайыздан пайыз түрүндө киреше алууга ниеттенгендер үчүн  –«Сиздин капиталыңыз» аманаты оңтойлуу.

▪ Аманатты толуктап, андан пайызды жоготуусуз акчаны бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү «Ыңгайлуу» аманатында каралган.

▪ Балдардын келечеги үчүн өзүнчө, узак мөөнөткө каралган «Балдар кыялы» аманаты  сунушталат.

▪ Пенсионерлер топтогон акчасын ишенимдүү сактоосу үчүн «Камкордук» аманаты каралган.

▪ Ири өлчөмдөгү депозиттер үчүн «Азия VIP" аманатына» олуттуу пайыздык чен белгиленген.

▪«Ийкемдүү» аманаты каражаттарды жайгаштыруу мөөнөттөрүн өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Тандалып алынган ар бир аманат үчүн «Элкарт» же «Виза» картын ачуу кошумча сунушталат. Мында, аларга пайыздарды чегерүү мүмкүнчүлүгүн кардар өзү тандайт.

Мындан ары чегерилген пайыздык кирешени алуу үчүн банкка келип отуруунун деле зарылчылыгы жок, анткени «Достук түйүнүнө» туташкан өнөктөш-банктардын бүтүндөй Кыргызстан боюнча орнотулган 350дөн ашуун банкоматтарынан акча чыгарып алуу ыңгайы жөнгө салынган.

«Азия Банкы» ЖАКка салынган каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоого алынган.

Ар бир аманат шарттары жана пайыздык чендери тууралуу ырааттуу маалыматты бул жерден алууга болот.

Аманат ачып, жогорку пайыздарга ээ бол!


 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию