Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайбыз!
Кадырлуу достор, урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, ошондой эле биздин өнөктөштөн болгон полиграфия жана басма кызматкерлери Сиздерди кесиптик майрам – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилден куттуктайбыз!
Көлөмдүү макала, кыскача жаңылык же интервью даярдап, кардарлар үчүн буклеттерди, баракчаларды чыгарган учурда дайыма сиздердин жардамыңарга таянып келебиз, анткени сиздер биз менен тыгыз иш алып барган дос-өнөктөшсүңөр.
Жакындан жардамга келип, колдоо көрсөткөнүңөр үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен Сиздерден чыгармачылык жигердүүлүктү, жаңы сунуш-пикирлерди, кызыктуу жарыялоолорду күтөбүз!
Ишиңиздерге ийгилик каалап,
«Азия Банкы» ЖАКтын жетекчилиги жана эмгек жамааты.