• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия Банкы" “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтан жана “Виза” эл аралык төлөм системасынан 2 сыйлык алууга жетишти

11 декабрь, 2017-жыл

Өткөн аптанын жума күнү «Jannat» мейманканасында “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК тарабынан “Элкарт” улуттук төлөм системасын өнүктүрүү келечеги” темасында семинар болуп өттү.

Бул иш-чарага учурда Кыргызстанда иш алып барып жаткан бардык коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын өкүлдөрү катышкан.

Семинарда төмөнкү темалар кеңири талкууга алынган:

  • ««ЭЛКАРТ» улуттук төлөм системасынын учурдагы абалы”
  • “Элкарт” улуттук төлөм картын пайдалануу менен мобилдик төлөмдөр
  • «Интернет-эквайринг» - Интернет түйүнүндө коопсуз эсептешүүлөр технологиясы
  • «Installment» - бөлүп төлөө шартында сатып алуулар»
  • “МИР” төлөм системасынын “Элкарт” төлөм системасына интеграцияланышы
  • “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКты өнүктүрүүнүн 2018-2020-жылдарга каралган стратегиясы

Семинарга ошондой эле «Tieto» жана «Gold Pac» компанияларынан спикерлер да катышкан. 

2017-жыл жыйынтыгы боюнча “Азия Банкы” “Автоматташтырылган жабдуулар (АТМ) аркылуу акча которуулар боюнча активдүү банк” номинациясын жеңип алган.

КМШ өлкөлөрүндө “Виза” эл аралык төлөм системасынын ишинин жөнгө салынышынын 25 жылдыгы урматына өткөрүлгөн иш-чарада банк ийгиликтүү кызматташтык үчүн юбилейлик сыйлыкка татыктуу болгон

“Азия Банкы” ЖАК “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК менен “Виза” эл аралык төлөм системасына актуалдуу темалар боюнча семинар өткөрүп, ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан 25 коммерциялык банктын ичинен “Азия Банкына” татыктуу баа бергендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию