• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия Банкында" жаңы жылдык корпоратив болуп өттү

25 декабрь, 2017-жыл

Өткөн дем алыш күндөрү “Азия Банкы” өз кызматкерлери үчүн жаңы жылдык кече уюштуруп, анда өтүп бара жаткан жыл жыйынтыгы чыгырылып, мыкты жетишкендиктерге ээ болгон кызматкерлерге мактоо баракчалары тапшырылды.

Банктын баалуулуктары боюнча эң мыкты видео сынагынын жыйынтыгына ылайык төмөнкүлөр алдыңкы орунга татыктуу болушту:

• 1-орун жана 25000 сом - "Курулуш" филиалы (Бишкек)

• 2-орун жана 15000 сом - "Балыкчы" филиалы (Бишкек)

• 3-орун жана 10000 сом - "Араван" аманат кассасы (Ош)

“Көрүүчүлөрдүн купулуна толуу” сыйлыгы "Центр" филиалына (Бишкек) ыйгарылган.

Малаева Гульзат - мыкты актриса, ал эми Санжар Жумакадыров – мыкты актер катары таанылган.

Видео сынакка бардыгы болуп 11 видео сунушталган. Мындан тышкары, кызыктуу кеченин жүрүшүндө баалуу кагаздар менен лотереялар ойнотулуп, алгачкы жолу “Азия Банкынын” гимни жаңырды.

Банк Башкармасы тарабынан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү көп жылдык тыгыз кызматташып иш алып баруу жөнгө салынгандыгы баса белгиленди. Банктын өнүгүп өсүшүнө алардын кошкон олуттуу салымы өтө маанилүү, банк алдындагы стратегиялык багыттарды жана милдеттерди анктоодо да алар олуттуу роль ойноодо.

Ушул ой-пикирди тастыктоо иретинде Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө “Жылдыздуу курам-2017” белгиси түшүрүлгөн белектер тапшырылып, аларга ыраазычылык билдирилди. Ошентип, банктын эмгек жамаатына жаңы жылдык жаркы маанай тартуулаган кызыктуу кече көпчүлүктүн эсинде калды.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию