Урматтуу кардарлар!
Жаңы жылдык майрамдардын алдында банктардын атынан алдамчылык жарнамаларды жайгаштыруу учурлары көбөйүүдө. Алдамчылар банктардын символикасын жана фирмалык стилин колдонуп, чындыгында жок акцияларды, акчалай бонустарды, белектерди жана байгелердин ойнотулушун сунушташууда.
Мындай жарыялоолордун алдындагы пикирлер жана комментарийлер да жасалма болушу мүмкүн экендигин жана колдонуучуларды адаштыруу максатында жарыяланарын эскертебиз.
Төмөнкү сактык чараларын көрүүнү сунуштайбыз:
- Майрамдык акциялар тууралуу маалыматты банктын расмий ресурстарынан гана текшериңиз.
- Шектүү шилтемелерге өтпөңүз.
- Банк карталарынын маалыматтарын, сырсөздөрдү жана SMS-коддорду үчүнчү жактарга бербеңиз.
- Убада кылынган бонустарды жана белектерди алуу үчүн акча которбоңуз.
Сак болуңуз! Маалыматты текшерип, алдамчылардын сиздин ишенимиңизден пайдалануусуна жол бербеңиз.