Авто сүйүүчүлөр үчүн
Айрымдар автоунаа сатып алууга насыя алуу өтө эле оор деп эсептешет. Ал эми кээ бирөөлөр аны бир нече жолу пайдаланып, башкаларга да кеңеш беришет.
Эгер анын артыкчылыктарын түшүнсөңүз (жана каржылык сабаттуулугуңуз болсо – биз сизге бул жагынан жардам бере алабыз), анда мындай насыя чынында эле пайдалуу курал болуп калышы мүмкүн.
Эгерде автоунаанын болушу сиздин үй-бүлө үчүн өзгөчө маанилүү болсо же ансыз бизнес жүргүзүү мүмкүн болбосо, анда аны жылдар бою тыйын-тыйындан чогултканча, дароо эле сатып алган жакшы. Анын үстүнө, көбүнчө расмий автосалондор сатып алуу үчүн жеңилдетилген шарттарды сунуштайт. Андан тышкары, сиз бир заматта каржылык коопсуздук жаздыгыңыздан ажырабайсыз жана сиздин аманаттарыңыз күтүлбөгөн чыгымдар үчүн же андан аркы инвестициялар үчүн сакталат. Акырында, мындай сатып алуу кийинки үзгүлтүксүз төлөмдөр менен сиздин насыя рейтингиңизди жогорулатат (биз оң насыя тарых башка долбоорлорго да эшик ачарын эстейбиз: балким, сиз ипотекага батир сатып алгыңыз келип калаар? Бирок бул ошол эле каржылык сабаттуулук темасындагы лирикалык чегинүү).
Автонасыяке кайра кайрылалы. Адатта, мындай насыя жаш үй-бүлөлөргө, коомдук транспорт начар өнүккөн шаарларда, чакан бизнести жүргүзүү үчүн (жеткирүү керек болуп калса) кызыктуу. Эң негизгиси, өз күчүңдү туура эсептеп, кошумча шарттарга көңүл буруу керек.
Биздин «Азия Банкында» төрт дөңгөлөктүү досуңузду сатып алуу үчүн 2 миллион сомго чейин 23 пайыз менен (60 айга чейин төлөй аласыз) ала аласыз.
Эмне дейсиз, биз менен бирге автоунаа тандайбызбы?
| Параметрлери | Шарттары |
| Насыялоо шарты | Автоунаа сатып алуу |
| Автоунаанын чыккан жыыдлна чектөө | Насыя алынып жаткан учурда чыгарылган жылы 20 жылдан ашпашы керек. |
| Күрөө менен камсыздоо | – Сатып алынуучу автоунаа (эгер 15 жылдан эски эмес жана өз салымы >30% болсо) – Автоунаа + кыймылсыз мүлк/камсыздандырылган автоунаа (эгер автоунаа 15 жылга чейин жана салым <30% болсо) – Сатып алынуучу автоунаа (эгер 16–20 жашта болсо жана салым >40% болсо) – Автоунаа + кыймылсыз мүлк/камсыздандырылган автоунаа (эгер 16–20 жашта болсо жана салым <40% болсо) |
| Кирешени/ишмердикти тастыктоо | 6 айдан ашпаган ишкердик/жумуш ишмердүүлүгү |
| Төлөө графиги | Аннуитеттүү |
Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.
Кармоо
Кредиттик отчетту текшерүү, өзүн-өзү тыюу салуунун бар экендиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынан көчүрмө алуу үчүн комиссия кредиттик бүтүмдөгү адамдын ролуна жараша алынат.
Комиссиянын өлчөмү кредиттин ар бир катышуучусу үчүн өзүнчө белгиленет жана бир нече катышуучу болгон учурда кошулат.
Мисалы: бир карыз алуучу, бир кепил болуучу жана бир күрөө коюучу катышкан учурда комиссиянын жалпы суммасы 240 сомду түзөт, анын ичинде:
— карыз алуучу — 120 сом;
— кепил болуучу — 70 сом;
— күрөө коюучу — 50 сом.