Тендерлерге жана мамлекеттик сатып алууларга катышасызбы? Эл аралык соода менен алектенесизби? Же кандайдыр бир себептер менен төлөмдөрдү кечиктирүү керек болуп жатабы (айланма каражаттарды белгилүү бир убакка чейин сактап калуу үчүн), бирок сиздин жеткирүүчүңүз буга макул эмеспи? Кыскасы, төлөбөй калуу тобокелдиктери нөлгө барабар экенине кепилдик керекпи? Анда сизге банктык кепилдик абдан керек болот.
Анын маанисин чечмелейли. Банктык кепилдик – бул сиз келишимдин шарттарын аткарбаган учурда, банктын сиздин жеткирүүчүңүзгө же контрагентиңизге акча төлөп берүү милдеттенмеси. Башкача айтканда, банк сиздин «ак ниеттүүлүгүңүздү» камсыздандырат жана сиз өзүңүздүн кадыр-баркыңызды сактап каласыз. Бул бизнес үчүн абдан талап кылынган банктык кызмат.
Ишкерлерге жогоруда саналып өткөндөрдөн тышкары, ал кандай учурларда керек болушу мүмкүн? Мисалы, товардык кредит алууда; төлөнгөн аванстык төлөмдү кайтаруу керек болгондо; белгилүү бир кызматтар боюнча подряддык иштерди аткарууда ж.б.
Бул жерде артыкчылыктар көп: сизге эсепте акча «тоңдурууга» же күрөө катары коюуга туура келбейт, сиздин өнөктөшүңүз өз тобокелдиктерин азайтат жана келишим кандайдыр бир себептер менен аткарылбай калган учурда дагы, өз акчасын алаарына ар дайым ишенет, банктык кепилдик менен бүтүмдөр тез жана оңой өтөт (ошол эле себептен: эч ким утулуп калуудан коркпойт, анткени кепил катары олуттуу банк чыгат, анткени ал алгач банктык кепилдикти өзүнө жол-жоболоштурган адамдын финансылык абалын баалайт). Ошондой эле сиз аткаруучу катары келишим боюнча өз милдеттенмелериңизди так жана өз убагында аткарууга аракет кыласыз.
Биздин «Азия Банкында» сиз өзүңүздүн талаптарыңызга жана шарттарыңызга эң ылайыктуу банктык кепилдикти тандай аласыз: бул төлөм кепилдиги болушу мүмкүн; аванстык төлөмдү кайтаруу кепилдиги; келишимди аткаруу кепилдиги; тендердик кепилдик.
Ооба, дагы бир маанилүү деталь: кепилдик үчүн төлөм, адатта, кредит боюнча пайыздарга караганда төмөн болот.
Биздин кеңсеге келиңиз – биз бардык кылдаттыктарды айтып беребиз жана эң ылайыктуусун тандап алабыз. Сиздин калыс аброюңуз – биздин олуттуу кепилдигибиз астында!
Тарифтер менен бул жерден тааныша аласыз.