Ар бир адамдын башына бир жолу кыска мөөнөткө акча керек болуп калат. Кимдир бирөө сүйлөшкөн кызына «Айфон» алып бергиси келет, кимдир бирөө ата-энесин «күйүп бараткан» жолдомо менен эс алууга жөнөтүшү керек, ал эми кимдир бирөө баласынын медициналык кызматына төлөшү керек. Албетте, туугандардан же кошуналардан карызга алса болот. Бирок акча маселеси канчалык көп учурда тоскоолдук жаратат! Кээде эч кимди убара кылбай, банктык кызматтардан пайдаланган жакшы. Бактыга жараша, 250 миң сомго чейинки аз сумма жөнүндө сөз болгондо иштеген күрөөсүз насыялар бар. Насыя алуудагы негизги кыйынчылык күрөөлүк камсыздоо экени жашыруун эмес, анткени ар ким эле өзүнүн батирине тобокел кылууга даяр эмес жана ар кимдин эле ишенимдүү кепилдиги жок, ошондуктан ар кандай микрозаймдарды жана документсиз насыяларды издейт). Бирок андайды талап кылбаган учурлар да бар. Банк дал ушундай учурларга күрөөсүз насыяларды ачат – бул, негизинен, ар бир жаранга баш тартпастан берилүүчү насыялар. Күрөөсүз насыялар улуттук валютада (сом) каалаган максатка берилет. Адатта, керектөөчүлөр аны телефонго, үйдү косметикалык оңдоого жана башка анча-мынча максаттарга жумшоону пландаштырышат.
«Азия Банкында» алардын экөө бар – «Оңой» жана «Миг-250». Чынында, алар абдан окшош: бул кирешени тастыктоосуз берилүүчү насыялар (маалымкаттарды чогултуунун кереги жок), алардын максималдуу берилүүчү суммасы 250 миң сомго чейин бирдей.
«Оңой» насыялары «онлайн» режиминде ачылат.
Адам Asia Online мобилдик тиркемесинде арыз толтурат же www.asiaonline.kg сайтында «Онлайн насыя» бөлүмүндө арызды тариздейт жана ошол жерде Соцфондго чегерүүлөрдү – төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоону, кредиттик тарыхын текшерген скоррингден өтөт – анын жакшы болушу шарт. Ошондо арыз дароо эле жактырылат – ушундай «5 мүнөттүк насыя» болуп чыгат. Ал эми акчалар, эгерде сиз сайтка кайрылган болсоңуз, каалаган филиалдан берилет, ал эми эгерде насыяны жактыруу Мобилдик банкинг аркылуу алынган болсо, анда каражаттар сиздин банктык эсебиңизге чегерилет.
| Параметрлер | Шарттары |
|---|---|
| Кредит алуунун максаты | каалаган максатка |
| Кредиттин валютасы | KGS |
| Кредиттин суммасы | 10 миң – 300 миң KGS |
| Пайыздык үстөк | 26% |
| Натыйжалуу %дык үстөк | 29,81% |
| Кредиттин мөөнөтү | 3-36 ай |
| Күрөөлүк камсыз кылуу | Келечекте келип түшүүчү акча каражаттары, кепилдиксиз, кыймылдуу мүлк. |
| Кепилдик берүүчү | талап кылынбайт |
| Кошумча шарттар | Зайымчынын жаш курагы: кредит берүү учуруна 20- 71 жаш, Банктын эсебинен өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу |
| Жабуу графиги | аннуитеттик |
Кармоо
Кредиттик отчетту текшерүү, өзүн-өзү тыюу салуунун бар экендиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынан көчүрмө алуу үчүн комиссия кредиттик бүтүмдөгү адамдын ролуна жараша алынат.
Комиссиянын өлчөмү кредиттин ар бир катышуучусу үчүн өзүнчө белгиленет жана бир нече катышуучу болгон учурда кошулат.
Мисалы: бир карыз алуучу, бир кепил болуучу жана бир күрөө коюучу катышкан учурда комиссиянын жалпы суммасы 240 сомду түзөт, анын ичинде:
— карыз алуучу — 120 сом;
— кепил болуучу — 70 сом;
— күрөө коюучу — 50 сом.