...
Азия Банкы

СТАНДАРТ-3500

3,5 млн. KGS
Максималдуу сумма
3-60 ай
Насыянын мөөнөтү
19-20 %
Пайыздык чен

Көздөгөн бардык максаттарга кредиттер

Күрөөсүз кредиттер канчалык өтүмдүү, кардардар үчүн оңтойлуу болуп жаткандыгына  карабастан,  көбүрөөк өлчөмдөгү жана аны алууда карыз алуучуга карата бир кыйла олуттуу талаптар коюлган, мисалы 250 ашкан суммадагы кредит алуу зарыл болгон шартта, акча караажатына муктаж болгондор кепил болуучуларды издөө, күрөө коюу зарылчылыгы сыяктуу жагдайга дуушар болот. Албетте, бул бир жагынан карыз алуучуну түйшүккө салып, анын жоопкерчилигин арттырган болсо да, андан ары  ал үчүн кеңири мүмкүнчүлүк ачылаарын унутпоо зарыл!

Талап кылынган шарттарды аткаргандан кийин, кардарлар зарыл өлчөмдөгү каражатын алып, орун алган маселесин чече алган болсо, ишкерлер кредит эсебинен жүгүртүү каражаттарын көбөйтүп,  ири көлөмдө товарларды сатып алып же өндүрүш ишинде колдонуп жактан жубадууларын жаңылоого жетишет. Ал эми жеке адамдар керектүү суммадагы карыздык каражатка ээ болуу менен унаа  сатып алып, турак үйүн капиталдык ремонттон өткөрүп же болбосо жай мезгилинде эс алуу үчүн чакан үй сатып алат. Ошентип, карыздык каражат алгандардын бардыгы жеке бизнесин өнүктүрөт же алган акчасын жашоо шартын жакшыртууга сарптайт. Албетте, бул орун алган маселени, керектөө муктаждыктарын чечип берүүнүн эң эле ыңгайлуу жана оңтойлуу шарты. Азия Банкы жеке адамдарга, ишкерлерге, дегинкиси алга карай илгерилеп, жакшы жашоого умтулгандардын бардыгы, б.а. жеке адамдар сыяктуу эле, юридикалык жактар  (жеке ишкерлерди кошо алганда) үчүн каралган, ар кандай максаттарга багытталуучу кредитик линиялар катарын иштеп чыккан

«Стандарт-3500» кредити 3,5 млн сомго чейин алуу мүмкүнчүлүгүн берет, ал ким экенине карабастан – жеке адамбы же юридикалык жакпы. Бул жерде кредиттин максаттары ар кандай болушу мүмкүн: чет өлкөдө турак жай сатып алуу же нөлдөн куруу, бизнести өнүктүрүү (жаңы бизнес ачуу, бар болгонду кеңейтүү же акча агымын толуктоо), кымбат медициналык максаттар (операциялар, реабилитация, репродуктивдик процедуралар), мисалы, Гарвардда билим алуу. Кредитти эмиграция үчүн да колдонсо болот (башка өлкөдө инвестиция аркылуу үй-бүлөгө жарандык алуу). Албетте, аны «голубые фишкиге» же келечектүү долбоорлорго инвестициялоо мүмкүнчүлүгү да бар.

Статусуна карабастан, кандай болбосун кредитти алууда, бул эң оболу – милдеттенме экендигин, ал эми ошол милдеттенмени аткаруу кредиттик таржымалга таасир эте тургандыгын эч качан унутпоо керек. Анткени алгылыктуу кредиттик таржымалга ээ болуу, ошондой эле баага татыктуу болууга өбөлгө түзгөн болсо, өткөндөн калган “кара тактуу” кредиттик таржымал бизнести өнүктүрүүгө, алдыга койгон максатка жетүүгө кесепетүү таасирин тийгизип, тоскоолдук жаратышы ыктымал. Демек, Азия Банкы каржы маселесинде туруктуулукка кантип жетишүүгө боло тургандыгы жагында кардарлардын финансыылк сабаттуулугун жогорулатууга, кыялыңдагыга жетип, ойлогонуңу орундатууга да даяр!

«Стандарт-3500» кредитинин өзгөчөлүгү:

  • Кредиттөө максаты: кандай болбосун бардык максаттарга берилет
  • Кредиттөө валютасы: KGS / USD
  • Кредиттөө суммасы: 251 миң сомдон 700 001 сомго чейин (же доллар эквивалентинде)
  • Пайыздык чени:
    • жылдык 19–20% (KGS)
    • жылдык 12–15% (USD)
  • Кредиттөө мөөнөтү:
    • 3–36 айга (жүгүртүү каражатын толуктоого)
    • 3–60 айга (инвестициялык максаттар үчүн)
  • Күрөөлүк камсыздоо:
    • кыймылсыз мүлк
    • кыймылдуу мүлк
    • жүгүртүүдөгү товарлар (зарыл болгон шартта)
  • Кепилдик: юридикалык жактын ээлери / бизнеске кошо ээлик кылуучулар
  • Киреше/ишкердикти тастыктоо: кеминде 12 ай аралыгындагы киреше булактары / ишкердик иш багыты
  • Төлөө графиги: аннуитеттик / өз алдынча каралган
  • Кредит алууга онлайн-билдирме жөнөтүү/калтыруу: https://asiaonline.kg/online-loan

Кармоо

Кредиттик отчетту текшерүү, өзүн-өзү тыюу салуунун бар экендиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынан көчүрмө алуу үчүн комиссия кредиттик бүтүмдөгү адамдын ролуна жараша алынат.
 Комиссиянын өлчөмү кредиттин ар бир катышуучусу үчүн өзүнчө белгиленет жана бир нече катышуучу болгон учурда кошулат.

 Мисалы: бир карыз алуучу, бир кепил болуучу жана бир күрөө коюучу катышкан учурда комиссиянын жалпы суммасы 240 сомду түзөт, анын ичинде:
— карыз алуучу — 120 сом;
— кепил болуучу — 70 сом;
 — күрөө коюучу — 50 сом.

Кечиресиз, биз дайындарды жүктөй алган жокпуз.

Эсептөө алдын ала болуп саналат. Толук маалымат алуу үчүн Банктын кредиттик адисине кайрылыңыз.

Ай сайын төлөм
0
Төлөмдөрдүн жалпы суммасы
0
Пайыздык чен
0 %