...
Азия Банкы

27-декабрь SWIFT- которуулар үчүн акыркы күн

Урматтуу кардарлар!

Финансы жылынын аякташына байланыштуу төлөмдөрдү кабыл алуунун акыркы даталары тууралуу маалымдайбыз.

Валюталоо датасы “кийинки күн” менен чет өлкө валютасындагы төлөмдөрдүн акыркы күнү – 2023-жылдын 27-декабры, ал эми “күндөн күнгө” валюталоо датасы менен 2023-жылдын 28-декабры.

Улуттук валютадагы төлөмдөр үчүн тиешелүү даталар 2023-жылдын 28-декабры жана 2023-жылдын 29-декабры болуп саналат.

Эскерте кетсек, Азия Банкы жаңы автоматташтырылган банк тутумуна (АБС) өткөндүгүнө байланыштуу, 2023-жылдын 29-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын пайдасына калктан төлөмдөрдү, AВН төлөмдөрүн кабыл алуу, бала бакчалардын/мектептердин пайдасына төлөмдөр, ошондой эле салыктык төлөмдөр убактылуу токтотулат.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл аласыз деп үмүттөнөбүз.