...
Азия Банкы

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү кут болсун! Филиалдардын иш тартиби

Урматтуу мекендештер,

Сиздерди Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

Мекенибизде тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрсүн! Өлкөбүзгө гүлдөп өсүп-өнүгүүнү, ар бир кыргызстандыкка молчулук жана бакубатчылыкты каалайбыз!

Эскерте кетсек, “Азия Банкы” ЖАКтын бардык филиалдары майрам күнү иштебейт. Дүйшөмбү күнү биз кадимкидей ишибизди улантабыз.

Урматтоо менен,

«Азия Банкы» ЖАК командасы