...
Азия Банкы

Эл аралык төлөмдөр үчүн жаңы эрежелер

Кыргыз Республикасынын  Улуттук банк Башкармасынын  2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) токтомуна ылайык,  2024-жылдын 25-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө жеткирүүсүз, чет мамлекеттерден кирүүчү же чет мамлекеттерге чыгуучу товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр предмети болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардан тышкары, башка жактар менен түзүлгөн контракттар боюнча төлөм тапшырмаларын аткаруу үчүн кабыл ала жана башка жолдор менен эсептешүүлөрдү жүргүзө албайт.

Чектөө экономикалык коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту чыңдоо үчүн бир жылга созулат.