...
Азия Банкы

Жаңы жылдын алдындагы төлөмдөр жөнүндө маанилүү маалымат

Урматтуу кардарлар!

 Жаңы жыл алдындагы төлөм системаларынын жана чет өлкө банктарынын иш регламентиндеги өзгөртүүлөргө байланыштуу сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкү маанилүү даталарга бурабыз:

Сом түрүндөгү төлөмдөр:

Төлөм системаларынын ашыкча жүктөлүшүн болтурбоо үчүн 2024- жылдын 27-декабрына чейин контрагенттер менен негизги эсептешүүлөрдү бүтүрүңүз.

Чет өлкөлүк валюталардагы төлөмдөр:

  • RUB: кабыл алуунун акыркы күнү — 2024-жылдын 27-декабры (каникулдар 28-декабрдан 8-январга чейин)
  • USD: кабыл алуунун акыркы күнү — 2024-жылдын 26-декабры (майрамдар 30-декабрдан 1-январга чейин)
  • EUR: кабыл алуу 24 жана 30-декабрда (майрамдар  25-26 жана 31-декабрда)
  • KZT: кабыл алуунун акыркы күнү — 2024-жылдын 30-декабры (майрамдар 1, 2 жана 7-январда)

Кечигүүлөрдү жана кошумча ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн төлөмдөрдү алдын ала пландаштырууну сунуштайбыз.

Жаңы жылдык дем алыштардагы чектөөлөр (2025-жылдын 1-7-январы):

Бул мезгилде «Asia Online» мобилдик тиркемесинде жана «Интернет-банкинг» системасында конвертациялоо функциялары чектелет. Алмашуу операциялары Россия рублинде гана мүмкүн болот (рубль сомго жана тескерисинче) .

Насыялар боюнча төлөмдөр:

Төлөмдөр майрам күндөрү төмөнкү кызматтар аркылуу кабыл алынат: 

  • Asia Online тиркемелери
  • QR-которуулар аркылуу
  • Интернет-банкинг
  • Төлөм терминалдары: «PAY24», «ОНОЙ», «Quickpay», «Unipay»
  • Биздин өнөктөш банктардын электрондук капчыктары жана мобилдик тиркемелери: О!Банк, Оптима Банк, KICB, Банк Компаньон, MegaPay, Элкарт Мобайл

Эгер “Азия Банкы” ЖАКтаа насыяңыз болсо, төлөмдөрдү ушул сервистер аркылуу төлөңүз, анткени жаңы жылдык дем алыш күндөрү Банктын кеңселеринде төлөмдөр кабыл алынбайт. 2025-жылдын 1-7-январына туура келген төлөмдөр 2025-жылдын 8-январына жылдырылат .

Туура түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз!