...
Азия Банкы

Asia Online мобилдик банкингди 2.0 жаңы версиясына жаңылоо

2025-жылдын 20-январында Asia Online мобилдик банкинги 2.0 версиясына жаңыртылат. Колдонмонун жаңы версиясы эки дисплей режиминде жеткиликтүү заманбап, колдонуучуга ыңгайлуу жана интуитивдик интерфейсти — жарык жана караңгыны сунуштайт. Жаңыртылган навигация эсепти текшерүү, коммуналдык жана башка төлөмдөрдү төлөө, Кыргызстандын каалаган банкына QR-код аркылуу которуу, товарлар менен кызматтарга төлөө сыяктуу күнүмдүк банк операцияларын оңой жана тез аткарууга мүмкүндүк берет. Мобилдик банкинг жеке ишкердин жана жеке адамдын бир платформада банкингин жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Мобилдик банкингдин жаңы версиясында кошумча функциялар пайда болот:

  • Депозит ачуу
  • Эсеп-кысап ачуу
  • Картаны бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу
  • Картанын PIN-кодун алмаштыруу
  • Жеке ишкерлер жана жеке адамдар үчүн банк эсептерин бөлүү
  • Валютаны конвертациялоо калькуляторлору жана башка көптөгөн пайдалуу орнотуулар жана кызматтар.

Мобилдик тиркемени кантип жаңыласа болот?

Мобилдик колдонмону жаңыртуу үчүн, эски версиясын түзмөгүңүздөн чыгарып, Google Play же App Store аркылуу жаңысын орнотуңуз. Тиркеме төмөнкү шилтеме: https://onelink.to/asiaonline же QR-код аркылу жеткиликтүү.

Сураныч, орнотуу кол менен жүргүзүлөрүн унутпаңыз, бирок кийинчерээк жаңыртуулар автоматтык түрдө болот.

Жаңы мобилдик банкингге кантип кирүүгө болот?

Колдонмонун жаңы версиясына уруксат берүү үчүн, алгач Asia Online мобилдик банкингди орнотуп жатканда орнотулган логинди жана паролду колдонуңуз.  Текшерүү коду каттоодо көрсөтүлгөн телефон номерине жөнөтүлөт. 

Эгер кирүү маалыматыңызды унутуп калсаңыз, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  • Эгер сиз паролду унутуп калсаңыз, ” паролду унутуп калдыңызбы?”. Сиздин логин, ИНН, тел номерин же SMS алуу үчүн убактылуу сырсөз менен камсыз кылуу. Убактылуу сырсөз менен киргенден кийин, аны жаңысына алмаштырууну унутпаңыз. 
  • Эгер Логинди унутуп калсаңыз, маалыматты калыбына келтирүү үчүн паспортуңуз менен банктын филиалына кайрылыңыз.

Сунуштамалар:

 Тиркемени жаңылоо мезгилинде 20-январдан саат 12:00дөн 21-январга чейин мобилдик банкингде банк операцияларын жүргүзүүдөн жана QR-которуулардан баш тартууну суранабыз.

Суроолоруңуз болсо, биздин Call-борборго төмөнкү номерлер боюнча кайрылыңыз:

0312 91-07-07, 0559/777/706 0312 96-77-07