...
Азия Банкы

«Азия Банкы» акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө кабарлайт

2025-жылдын 26-мартында  «Азия Банкы» ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу (АЖЖЧ) болуп өттү. Чогулушка акционерлер катышып, кворум 97,3395%ды түзүп, бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берди .

Чогулуштун жүрүшүндө төмөнкүлөр бекитилди:

1. 2004-жылдагы иштин натыйжалары жөнүндө отчёт, бухгалтердик баланс жана киреше менен чыгашалар жөнундө отчет.

2. Директорлор кеңешинин 2024-жыл үчүн отчету.

3. 2025-2027-жылдарга бизнес-план жана финансылык план.

4. Акционерлерге 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө.

5. Акциялардын санын 100 000 даанага көтөрүү, уставдук капиталды 1 300 000 000 сомго чейин жогорулатуу.

Ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөлөрү төрт жылга шайланды:

– Бейшеналиева Назира Тутановна

– Ли Джонг Бэк

– Алдаяров Нурлан Нуркулович

– Койчуманова Джамиля Азатовна

– Ниязов Эрмек Тургунбекович

– Куренкеев Айбек Суербекович

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн сый акынын өлчөмү жана 2025-жылга өкүлчүлүк чыгымдары кошумча бекитилди.

Уставдын жаңы редакциясы кабыл алынды, андан кийин банк ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттоодон өтүүгө киришет.