Ушул күндөр эргүүнүн, бизге дем берген жолугушууларды жана эс алууларды тартууласын. Эмгектен баар таап, ар бир кылган аракетибиз ийгиликтер менен коштолсун.
Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнөнүн тынчтыгын жана эртеңки күнгө ишеним каалайбыз!
Дүйшөмбү, 12-май күнү, биздин банк кадимки иш тартибине кайтып келет.
Банкка барууну алдын ала пландаңыз. Эске сала кетебиз: кредиттерди төлөө үчүн күнү-түнү, тыныгуусуз иштеген Asia Online мобилдик тиркемесин колдонсоңуз болот.
Жагымдуу эс алуу жана саламаттык каалайбыз!