Урматтуу кардарлар, өзгөчө сак болууңуздарды суранабыз!
«Азия Банктын» кызматкерлери эч качан кардарлардан төмөнкүлөрдү сурашпайт:
* SMSтен келген тастыктоо коддорун
* Интернет/Мобилдик-Банкингге кирүү үчүн логин жана паролдорду
Эгерде сизге чалып же мессенджерлерге (WhatsApp, Telegram ж.б.) жазып, өздөрүн Банктын кызматкери катары тааныштырса, эч кандай жеке маалымат бербеңиз — бул алдамчылык аракети болушу мүмкүн.
Эгерде сиз SMS аркылуу тастыктоо кодун, кирүүчү чалууну же Интернет/Мобилдик-Банкингдин маалыматтарын билдирүүнү суранган шылуундан билдирүү алсаңыз — дароо аккаунтуңуздун паролун алмаштырыңыз же Банктын техникалык бөлүмүнө кайрылыңыз:
+996 999 911 040

Өзүңүздүн маалыматтарыңызды сактаңыз — коопсуздук сизден башталат!