ЗАО «Банк Азии» маалымдайт, 2026-жылдын 1-январынан баштап Банктын бардык бөлүмдөрүндө жана мобилдик тиркемеде Astrasend системасы боюнча орус рублундагы (RUB) акча которууларын төлөө убактылуу токтотулат.
Белгиленген чара чектелген түрдө гана орус рублундагы которууларга тиешелүү. Astrasend системасы боюнча АКШ долларында (USD) акча которуулар төлөө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Төлөөлөрдүн калыбына келтирилиши жөнүндө маалымат кошумча «Жаңылыктар» бөлүмүндө жарыяланат.
ЗАО «Банк Азии» түшүнгөндүгүңүзгө ыраазычылык билдирет жана мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.