2026-жылдын 1-июлунан баштап «Банк Азии» ЖАК эл аралык Astrasend системасы аркылуу акча которуулар кызматын ишке киргизет.
Акча которууну төмөнкү жолдор менен жөнөтүүгө болот:
* «Банк Азии» ЖАКтын бардык бөлүмдөрүндө;
* Asia Online мобилдик тиркемеси аркылуу.
Которуулар жеткиликтүү болгон өлкөлөр:
Кардарлар төмөнкү өлкөлөргө акча которо алышат:
* Казакстан Республикасы;
* Өзбекстан Республикасы;
* Тажикстан Республикасы;
* Монголия.
Тарифтер:
Astrasend системасынын комиссиясы:
* 10 000 россиялык рублга чейин — 100 россиялык рубль;
* 10 000 россиялык рублдан жогору — которуунун суммасынын 1%.
Мультивалюталуу которуулар үчүн (RUB–USD):
* 10 000 россиялык рублга чейин — 100 россиялык рубль;
* 10 000 россиялык рублдан жогору — система тарабынан комиссия алынбайт.
АКШ долларындагы которуулар Өзбекстанга гана жеткиликтүү.
Жаңы кызмат кардарларга жакынкы чет өлкөлөргө акча каражаттарын банктын бөлүмдөрү аркылуу , ошондой эле Asia Online мобилдик тиркемеси аркылуу алыстан тез жана ыңгайлуу жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.