...
Азия Банкы

«Азия Банкы» акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөндүгү тууралуу маалымдайт

2025-жылдын 26-мартында ЖАК «Азия Банкынын» акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны (АЖЖЖ) болуп өттү. Жыйынга акционерлер катышып, кворум 97,3395% түздү, бул бардык зарыл чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берди.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүлөр бекитилди:

  • 2024-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча отчет, бухгалтердик баланс жана кирешелер менен чыгашалар тууралуу отчет;
  • Директорлор кеңешинин 2024-жыл үчүн отчету;
  • 2025–2027-жылдарга карата бизнес-план жана финансылык план;
  • 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлерге дивиденддерди төлөө;
  • Акциялардын санын 100 000 даанага көбөйтүү жана уставдык капиталды 1 300 000 000 сомго чейин жогорулатуу.

Ошондой эле төрт жылдык мөөнөткө Директорлор кеңешинин алты мүчөсү шайланды:

  • Бейшеналиева Назира Тутановна
  • Ли Джонг Бэк
  • Алдаяров Нурлан Нуркулович
  • Койчуманова Джамиля Азатовна
  • Ниязов Эрмек Тургунбекович
  • Куренкеев Айбек Суербекович

Мындан тышкары, 2025-жылга карата Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылардын өлчөмдөрү жана өкүлчүлүк чыгымдар бекитилди.

Ошондой эле уставдын жаңы редакциясы кабыл алынды.