Банктын кызматкерлери кан куюуга муктаж балдар үчүн кан донору болушту. Бул акция 30-майда борбордогу Кан куюу борборунда өткөрүлүп, Балдарды коргоо күнүнө арналды.
Биз бардык кичинекей бейтаптарга тезирээк сакайып кетишин жана бактылуу келечек каалайбыз!
Ошондой эле социалдык тармактарда «Сүрөтүңдү кино билеттерине алмаштыр» аттуу конкурс башталды. Конкурстун шарттарына жооп берген алгачкы 10 автор кинотеатрда көрсөтүлүүчү «Гарфилд» мультфильминин билеттерине ээ болушат.
Конкурстун жыйынтыктары 3-июнда чыгарылат.
Майрамыңыздар менен, достор!