«Азия Банкы» 18–24-март күндөрү өткөн Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына активдүү катышып, каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды уюштурду.
Негизги демилгелердин бири катары борбордогу эки мектепте — №13 орто мектебинде жана Indigo Kids мектебинде — 5–9-класстын окуучулары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер өткөрүлдү. Тренингдердин алкагында банктын кызматкерлери балдардын үнөмдөөнүн маанилүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттыруу максатында кызыктуу викториналарды да уюштурушту.
Мындан тышкары, банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышкан балдардын сүрөттөрүнүн конкурсу өткөрүлдү. Катышуучулар өз сүрөттөрүн тартып, видеонун форматында сунуштап, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү жана каржы маселелерине болгон көз караштарын билдиришти.
Ошондой эле «Азия Банкы» Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) тарабынан уюштурулган тегерек столго катышып, анда инновациялар жана накталай жана накталай эмес акча жүгүртүү тутумунун өнүгүү келечеги тууралуу маселелер талкууланды.
Бул иш-чаралар балдардын жаш курактан баштап акчага туура мамиле кылуусун үйрөтүү жана каржыны башкарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун калыптандыруу максатында уюштурулду.
Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы — жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык кампания болуп, дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүн камтыйт жана жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.