...
Азия Банкы

Азия Банкы ЖАК — 28 жашта!

Быйыл «Банк Азии» жабык акционердик коомуна 28 жыл толду. Бул — өнүгүүнүн, ишенимдин жана бекем өнөктөштүктүн 28 жылы.
Ушул жылдар аралыгында банк миңдеген кардарлар жана уюмдар үчүн ишенимдүү финансылык өнөктөш болуп калды. Юбилейлик жыл маанилүү окуялар менен коштолду. Алардын катарында жаңы башкы кеңсенин жана «Түштүк» филиалынын ачылышы бар. Бул кадамдар банктын өнүгүүсүндөгү жаңы баскыч болуп, кардарлар үчүн дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бизге ишеним көрсөткөн жана жалпы тарыхыбыздын бир бөлүгү болгон бардык кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө жана кызматкерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз!
Азия Банкы— 28 жылдан бери сиздер менен. Сиздин кадамыңыз — биздин колдообуз.