...
Азия Банкы

«Азия Банкы» ЖАК Ош шаарындагы финансылык жарманкеге катышты

2026-жылдын 2-апрелинде «Азия Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Ош мамлекеттик университетинде уюштурулган Global Money Week 2026 эл аралык демилгесинин алкагында өткөн ири финансылык жарманкеге катышты.

Иш-чарага 500дөн ашуун катышуучу — студенттер, окуучулар, окутуучулар, ошондой эле түштүк борбордун тургундары жана коноктору катышты.

Жарманкенин коноктору интерактивдүү оюндарга, каржылык сабаттуулук боюнча сынактарга катышып, эң активдүү катышуучулар Банк тарабынан даярдалган белектерге ээ болушту.

Мындай демилгелерге катышуу «Азия Банкы» ЖАКтын социалдык миссиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.