...
Азия Банкы

“Азия Банкы” ЖАКтын “Жалал-Абад” филиалы — Манас шаарынын “Эң мыкты банкы”

2026-жылдын 29-январында “Азия Банкы” ЖАКтын “Жалал-Абад” филиалы “Манас шаарынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясы менен “Эң мыкты банк” деген ардактуу наамга ээ болду.
Бул наам филиалдын аймакты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын, ишкердикти активдүү колдоосун, ошондой эле банк тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорку сапатын жана ишенимдүүлүгүн таануу болуп саналат. Жетишилген натыйжа филиалдын командасынын кесипкөйлүгүнүн жана биргелешкен ишинин, ошондой эле кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишениминин жана колдоосунун аркасында мүмкүн болду.