...
Азия Банкы

«Азия Банкы» ЖАКы Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 фестивалында 500 дарак отургузду

«Азия Банкы» ЖАКы токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 экологиялык демилгесине катышты.

Иш-чара 2026-жылдын 4-апрелинде Чүй облусунун Байтик (Боз-Бөлтөк) айылында болуп өттү, анда жалпысынан 40 000ге жакын көчөт отургузулду.

Фестивалдын алкагында Банктын командасы 500 даракты ийгиликтүү отургузуп, жашылдандырууга жана жаратылыштын тең салмактуулугун сактоого реалдуу салым кошту. Бул катышуу экологиялык миссиянын бир бөлүгү гана болбостон, жоопкерчиликтүү корпоративдик маданиятты жана туруктуу өнүгүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.

Jashyl Dem Fest | JAZ 2026 бизнес өкүлдөрүн, коомчулукту жана активдүү жарандарды практикалык экологиялык демилгелердин тегерегине бириктирет.