2026-жылдагы Дүйнөлүк аманат жумалыгынын алкагында «Банк Азии» ЖАК Каракол шаарында өткөн финансылык сабаттуулук жарманкесине катышты.
Иш-чаранын коноктору акча топтоонун маанилүүлүгү, жеке бюджетти пландаштыруу жана каражаттарды туура башкаруу тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча викторина уюштурулуп, алар өз билимдерин текшерип, эстелик белектерге ээ болушту.
Мындай иш-чараларга катышуу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана аманат топтоо маданиятын өнүктүрүүгө кошкон дагы бир салым болуп саналат.
#WSDKG2026 #WSD2026


