«Банк Азии» ЖАК кредиттик продуктуларынын катарын кеңейтип, Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдоого багытталган жаңы «Ишкер Айым» кредитин сунуштайт.
Кредит жеке ишкер аялдарга, ошондой эле аялдардын үлүшү компаниянын кеминде 51%ын түзгөн же кызматкерлеринин кеминде 51%ы аялдар болгон юридикалык жактарга берилет.
Негизги шарттары:
- кредиттин суммасы — 50 000 000 сомго чейин;
- пайыздык чен — жылдык 8%;
- мөөнөтү — 3 айдан 60 айга чейин;
- валютасы — KGS.
Кредит бизнести өнүктүрүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана аялдардын ишкердик демилгелерин колдоого арналган.
Кененирээк маалыматты «Банк Азии» ЖАКтын каалаган бөлүмүнөн ала аласыз.