...
Азия Банкы

«Банк Азиинин» пост-эмиссиялык отчёту текшерүүдөн өтүп, ийгиликтүү деп табылды

ЗАО «Банк Азии» социалдык гендердик облигациялар боюнча өзүнүн биринчи пост-эмиссиялык отчёту ийгиликтүү текшерүүдөн өткөнүн сыймыктануу менен билдирет.

Бул отчёт Капитал рынокторунун эл аралык ассоциациясынын (ICMA) Социалдык облигациялар принциптерине, ошондой эле банктын социалдык каржылоо жаатындагы ички саясатына ылайык чыгарылган.

Отчётту текшерүү МАЭБдин Жашыл каржы борбору (GFC) тарабынан жүргүзүлүп, ошол эле учурда «Банк Азиинин» Климаттык облигациялар демилгеси тарабынан аккредитациялангандыгын Борбордук Азияда жалгыз компания катары тастыктады.

Өз отчётунда «Банк Азии» аял ишкерлерди колдоо программасынын жыйынтыктарын сунуштап, социалдык таасирдин негизги көрсөткүчтөрүн, анын ичинде жаңы жумуш орундарын түзүү жана эмгек шарттарын жакшыртууну чагылдырды.

Отчёт менен толугураак Кыргыз фондулук биржасынын сайтынан же шилтеме аркылуу таанышууга болот.
ЗАО «Банк Азии»нин социалдык гендердик облигациялары боюнча отчёту