«Азия Банкы» ЖАК «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК менен биргеликте «Бизнес үчүн ЭКО-авто» насыялык продуктусун ишке киргизишти.
Бул продукт өз ишмердүүлүгүндө экологиялык жана энергияны натыйжалуу пайдалануучу чечимдерди киргизип жаткан ишкерлерди колдоого багытталган. Жаңы продукт «жашыл экономика» принциптерине ылайык иштелип чыккан жана коммерциялык максатта колдонулуучу электромобилдерди сатып алууну каржылоону карайт.
Электр транспортун колдонуу ишкерлерге күйүүчү майга жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартууга, бизнестин натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берет.
Программанын алкагында каржылоо ишмердүүлүгүн кеминде алты айдан бери жүргүзүп жаткан жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеткиликтүү. Насыянын максималдуу суммасы 2 млн сомго чейин, насыялоо мөөнөтү — 60 айга чейин, үстөк пайызы — жылына 8%.
Жаңы продуктуну ишке киргизүү — «Азия Банкы» ЖАК менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын туруктуу каржылоо инструменттерин өнүктүрүү жана бизнестин заманбап экологиялык чечимдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча биргелешкен ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Насыялоонун шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн жана расмий сайтынан алууга болот.