...
Азия Банкы

Бизнес үчүн QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу.

Товарлар жана кызматтар үчүн QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз — тез, ыңгайлуу жана жабдууларга ашыкча чыгымдарсыз.

Бул заманбап чечим сиздин бизнесиңизге эффективдүү иштөөгө жана кардарларга алар көнүп калган төлөм форматын сунуштоого мүмкүндүк берет. Сиздин бизнес үчүн артыкчылыктары:

∙ POS-терминалдарын орнотпостон жана тейлөөсүз накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу;

∙ Кардарлар жана өнөктөштөр үчүн төлөмдүн өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү процесси;

∙ Эсепке алууну автоматташтыруу жана бухгалтердик процесстер менен интеграциялоо;

∙ Төлөм инфраструктурасын оптималдаштыруу аркылуу операциялык чыгымдарды азайтуу;

∙ Банктык жана үчүнчү тараптын тиркемелерин кошо алганда, бардык популярдуу мобилдик төлөм чечимдерин колдоо.

QR-төлөмдөрдү кошуу менен, сиз төлөмдөрдү кабыл алуунун ыңгайлуу куралын гана эмес, ошондой эле тейлөөнүн пайдалуу шарттарын аласыз — комиссия болгону 0,4% түзөт.
(Комиссия QR-код аркылуу төлөм жүргүзүлгөндө автоматтык түрдө кармалат)

Бул комиссия 2026-жылдын 20-апрелинен тартып күчүнө кирет.