...
Азия Банкы

Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнүнө карата каржылык жарманке

Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнүнүн алдында «Азия Банкы» Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн каржылык жарманкеге катышты.

Иш-чара калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана жеке каржыларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

Банктын кызматкерлери жарманкенин конокторуна консультация беришип, үнөмдөөнүн заманбап ыкмалары, топтоо куралдары жана «Азия Банкынын» санариптик продуктулары тууралуу маалымат беришти.

Каржылык жарманке банктар, билим берүү мекемелери жана жарандар ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп берди.

«Азия Банкы» каржылык маданиятты өнүктүрүүгө жана калктын жеке каражаттарды натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.