...
Азия Банкы

Достук банктар тармагынын жаңыланган тизмеси

Урматтуу кардарлар,

2024-жылдын 8-июлунан тартып ААК «Бакай Банк» жана ЖАК «KICB» Достук банктар тармагынан чыкканын билдиребиз. Учурда Достук тармактын курамына төмөнкү банктар кирет:

  • ЖАК «Азия Банкы»
  • ААК «Дос-КредоБанк»
  • ААК «Капитал Банк»
  • ААК «ФинансКредитБанк»

Мисалы, эгер сизде ЖАК «Азия Банкынын» картасы болсо, акчаны өз банкыбыздын тарифтери боюнча биздин банкоматтардан да, ошондой эле Достук тармакка кирген калган үч банктын банкоматтарынан да ала аласыз.

Ошондой эле Достук тармакка кирген башка үч банктын кардарлары да ЖАК «Азия Банкынын» банкоматтарынан өз банкынын (эмитент-банктын) тарифтери боюнча накталай акча ала алышат.

ААК «Бакай Банк» жана ЖАК «KICB» мындан ары Достук банктар тармагына кирбегендиктен, бул банктардын банкоматтарында башка банктардын карталары үчүн алар тарабынан белгиленген тарифтер колдонулат.