...
Азия Банкы

Көңүл буруңуздар, алдамчылар!

Социалдык тармактарда лотереяларга жана утуш ойнотмолоруна катышууга чакырган учурлар көбөйдү. Айрыкча мындай чакыруулар Банкыбыздын атынан тараса, аларга алданбооңуздарды өтүнөбүз.

Ушуга байланыштуу ЖАК «Азия Банкы» эч кандай лотереяларды же утуш ойнотмолорун өткөрбөй турганын жана мындай акцияларга катышпай турганын маалымдайт.

Эгерде сиздер Банкыбыздын атынан жүргүзүлүп жатат деген ушундай билдирүүлөргө же жарыяларга туш болсоңуздар, бул тууралуу дароо бизге кабарлооңуздарды суранабыз.

Урматтуу кардарлар, маалыматтын расмий булактарына гана ишениңиздер же түздөн-түз Банктын кызматкерлерине кайрылыңыздар.